Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры № 99/ХV -27
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Л. Суюнтбекованын: штат боюнча 2 жылдан бери киреше боюнча жетектөөчү адис кызмат орду вакандда туруп, эч ким документ тапшырбай же конкурстан өтүшпөй жаткандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн ишин алдыга тартуу максатында социалдык жактан коргоо боюнча башкы адис кызмат ордун, социалдык жактан коргоо боюнча жетектөөчү адис деп которуп, ал эми киреше боюнча жетектөөчү адис ордун – киреше боюнча башкы адис кылууга муктаж болуп жатканын жана квалификациялык талапка ылайык социалдык жактан коргоо боюнча башкы адис Адылет Чуйтиев киреше боюнча башкы адис кызмат ордуна которулуп кала турганы тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин кызмат ордундагы структурасы төмөндөгүдөй болуп өзгөртүлсүн:
- киреше боюнча жетектөөчү адис кызмат орду- башкы адис кызмат ордуна өзгөртүлсүн.
- социалдык жактан коргоо боюнча башкы адис кызмат орду – жетектөөчү адис кызмат ордуна өзгөртүлсүн.
2. Бул токтомду аткаруу жагы жооптуу катчы Л. Суюнтбековага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилет.
Төрага | А. Албекенов |