Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-апрели № 119/ XXII-27
“Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинен бир беренеден экинчи беренеге акча которууга макулдук берүү жөнүндө” сөздү Ысык-Ата айыл өкмөтүн жооптуу катчысы Ж.Тентимишова сөз алып: “Быйыл июнь айында “Регионду өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата Ысык-Ата айыл өкмөтүндө “Айыл өкмөттөрүнүн иш кагаздарын санариптик форматта жүргүзүү АСКИД программасы менен иштөө жөнүндө” семинар өткөнү турат. Бул иш-чарага акча каражаты каралбагандыктан, бюджеттен акча каражатын карап берүүнү өтүндү.
Кийинки сөздү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Чикеев алып: “2018-жылдын бюджетинин өздүк эсебинен калган калдык 41,0 миң сом, 2019-жылдын бюджетинде 1-С программасын орнотууга 41,0 миң сом каралган акча каражатын айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 2215-беренесине 21,0 миң сом, 2222-беренесине 20,0 миң сом которуп берүүгө мүмкүнчүлүк бардыгын билдирди.
Күн тартибинин бешинчи маселесин Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын бюджетинин өздүк эсебинен калган калдык 41,0 миң сом, 2019-жылдын бюджетинде 1-С программасын орнотууга 41,0 миң сом каралган акча каражаты, айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 2215-беренесине 21,0 миң сом, 2222-беренесине 20,0 миң сом которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т.Чолпонбаев |