Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-апрели № 120/ XXII-27
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн салык боюнча башкы адиси Үсөнкан уулу М. “Карагай-Булак айылындагы Сулайманов атындагы орто мектебинин ашканасын оңдоо жөнүндөгү” долбоор жана Ысык-Ата айыл аймагынын 2019-2021-жылдарга стратегиялык өнүгүү планынын долбоору менен тааныштырды.
Күн тартибинин алтынчы маселесин Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Карагай-Булак айылындагы Сулайманов атындагы орто мектебинин ашканасын оңдоо жөнүндөгү” долбоорго жана Ысык-Ата айыл аймагынын 2019-2021-жылдарга стратегиялык өнүгүү планына макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т.Чолпонбаев |