Редакцияот 03.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 27-чакырылган кезектеги XXII (жыйырма экинчи) сессиясы

 

2019-жылдын 3-апрели № 122/ XXII-27

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга малдын санын жана акы төлөмдөрүн, жылдык бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Ысык-Ата айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Джундубаев.А.А. айылдык Кенешке жайыттар жөнүндө кайрылуусун жана Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине ылайык, жайыт жерлерин үнөмдүү пайдалануу үчүн төмөндөгүдөй акы төлөмүн бекитүү тууралуу Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Ысык-Ата айыл аймагында төмөндөгүдөй жайыт акы бекитилсин:

-бодо малга ар бир башына 60(алтымыш)сом       Уй , торпок 1900

-жылкыларга ар бир башына 60(алтымыш)сом     Жылкы 1500

-кой эчкилерге ар бир башына 12 (он эки)сом Кой-эчки 12200

-Жалпы чогулуучу малдан,жайыт акысы 350400 (үч жүз элүү миң төрт жүз )сом    

-ар бир мал сарайга бекитилип берилген 1(бир) га жерге 1000(мин)сом өлчөмүндө төлөнсүн.

-бал челектерди кармоо(бир бал челеке) 50(элүү)сом ( бир айды кошпогондо )

-туризм жана жараандардын эс алуусу үчүн, ар бир киши башына 100(жүз)сом

-жайыт жерин чөп чабык жана башка максатта пайдаланууга берүү акысы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 341-342-беренесинин,2-3-пункттуна ылайык алынсын.

2. Жайыт комитетинин төрагасынын айлык маянасы 5000(беш мин)сом. Бухгалтердики 3000(үч мин)сом, ГСМге 40000(кырк мин)сом.Транспорт чыгымдары 15000(он беш мин)сом. канцелярдык чыгым жылына 10000(он мин)сом бекитилсин. Малчыларды жайкысын суусамырга жеткизүүгө 20000(жыйырма мин) сом каралсын.

3. Жайыт комитетинин мүчөлөрү, айылдык Кенештин депутаттары, айыл башчылары менен бирдикте ар бир айылда түзүлгөн жайыт комиссиялары айдын аягына чейин баардык малдардын башын тактап, жана корук маалында жайыт комитетинин планында каралган штрафтар ишке ашырылсын ,жыйнала турган мал акысы тууралуу ачык-айкындуулук үчүн билдирүү даярдашсын.

4. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы А.Жүндүбаевке жүктөлсүн.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Төрага

Т.Чолпонбаев