ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 27-чакырылган кезектеги XXII (жыйырма экинчи) сессиясы
2019-жылдын 3-апрели № 124/ XXII-27
Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттарынын 2019-жылдын 1-апрелиндеги “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы К.Теңизбаевке ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени айылдык Кенештин сессиясынын күн тартибине киргизип, талкууга алуу жөнүндөгү” кайрылуусун кароо жөнүндө
Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттарынын 2019-жылдын 1-апрелиндеги “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы К.Теңизбаевке ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени айылдык Кенештин сессиясынын күн тартибине киргизип, талкууга алуу жөнүндөгү” кайрылуусун Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкууга алып, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 49-беренесинин 7-пунктусунун 9-пунктчасынын негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Теңизбаев Камбарбек Асипбаевичке ишеним көрсөтүлбөсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын айылдык Кенештин социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом 8(сегиз) добуш менен кабыл алынды. Добуш берген депутаттар: Ибраимов Н., Чолпонбаев Т., Байтиков А., Калиев Б., Айылчинов Б., Джумашев Б., Тойкеев М., Ниязалиев Э.
Төрага | Т.Чолпонбаев |