Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-апрели № 125/ XXII-27
Кийинки он экинчи маселе боюнча жайыт комитетинин төрагасы Жүндүбаев А. сөз алып: АРИС жана жайыт комитети менен жайыт пайдалануучуларга, малчыларга боз үй алып берүү проектисине айылдык Кенештин макулдугун сурап кайрылды.
Күн тартибинин он экинчи маселесин Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС жана жайыт комитети менен жайыт пайдалануучуларга, малчыларга боз үй алып берүү проектисине макулдук берилсин.
2. Алынган 5 боз үйлөр төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин: Үч-Эмчек жана Таш-Башат айылдарына 1 боз үй, Норус, Ичке-Суу жана Джогорку-Ичке-Суу айылдарына 1 боз үй, Алмалууга 1 боз үй, Алмалуу (центрга) 1 боз үй, Горная-Серафимовка, Тогуз-Булак, Карагай-Булак айылдарына 1 боз үй.
3. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айыл аймаыгынын жайыт комитетинин төрагасы А.Жүндүбаевке жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т.Чолпонбаев |