Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры № 171/26-4
Токмок ш. биринчи вице-мэри К.К.Чотбаевдин Токмок шаарынын Гагарин көчөсүнүн (Санэпидемстанция имаратынан Парковая көчөсүнө чейин) тротуарын оӊдоо» жөнүндөгү долбоорду үлүштүк каржылоого 2019-жылы шаардык бюджеттен каражат кароо жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика,бюджет,каржы салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 24.12.2018-ж. отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Мыйзамдардын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Гагарин көчөсүнүн (Санэпидемстанция имаратынан Парковая көчөсүнө чейин) тротуарын оӊдоо» долборуу боюнча үлүштүк каржылоого төлөм жүргүзүү үчүн 2019-жылга шаардык бюджеттин долбоорунда “Турак жай-коммуналдык кызматтары” бөлүмүнүндө 1 472 868 (бир миллион төрт жүз жетимиш эки миң сегиз жүз алтымыш сегиз) сом өлчөмүндө акча каражат каралсын.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жына инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |