Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры № 174/26-4
Токмок ш. биринчи вице-мэри К.К.Чотбаевдин “Токмок шаарынын Чокморов көчөсүн жол төшөмүн оӊдоо» жөнүндөгү долбоорду үлүштүк каржылоого 2019-жылы шаардык бюджеттен каражат кароо жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 24.12.2018-ж. отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, мыйзамдардын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарынын Чокморов көчөсүнүн жол төшөмүн оӊдоо» долборуу боюнча үлүштүк каржылоого төлөм жүргүзүү үчүн 2019-жылга шаардык бюджеттин долбоорунда “Турак жай-коммуналдык кызматтары” бөлүмүнүндө 920 916 (тогуз жүз жыйырма миң тогуз жүз он алты) сом өлчөмүндө акча каражат каралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жына инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |