Редакцияот 29.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXVI КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

 

2018-жылдын 29-декабры № 175/26-4

«Токмок шаарынын № 4 башталгыч орто мектебинин имаратын (эшиктерин жана терезелерин алмаштыруу) оңдоо” долбоорду кошо каржылоо жөнүндө

 

Токмок ш. биринчи вице-мэри К.К.Чотбаевдин «Токмок шаарынын № 4 башталгыч орто мектебин (эшиктерин жана терезелерин алмаштыруу) оңдоо” жөнүндө долбоорду үлүштүк каржылоого 2019-жылы шаардык бюджеттен каражат кароо жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика,бюджет,каржы салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 24.12.2018-ж. отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Мыйзамдардын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Токмок шаарынын № 4 башталгыч орто мектебинин имаратын (эшиктерин жана терезелерин алмаштыруу) оңдоо” жөнүндө долборуу боюнча үлүштүк каржылоого төлөм жүргүзүү үчүн 2019-жылга шаардык бюджеттин долбоорунда “Турак жай-коммуналдык кызматтары” бөлүмүнүндө 970 784 (тогуз жүз жетимиш миң жети жүз сексен төрт) сом өлчөмүндө акча каражат каралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жына инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.А. Солтобаев