Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры № 176/26-4
Токмок ш. биринчи вице-мэри К.К.Чотбаевдин “Токмок шаарынын Парковая көчөсүнө (Дунларов көчөсүнөн айланма жолуна чейин) тротуар ирригациясы менен салуу” жөнүндө долбоорду үлүштүк каржылоого 2019-жылы шаардык бюджеттен каражат кароо жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика,бюджет,каржы салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 24.12.2018-ж. отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Мыйзамдардын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарынын Парковая көчөсүнө (Дунларов көчөсүнөн айланма жолуна чейин) тротуар ирригациясы менен салуу” жөнүндө долборуу боюнча үлүштүк каржылоого төлөм жүргүзүү үчүн 2019-жылга шаардык бюджеттин долбоорунда “Турак жай-коммуналдык кызматтары” бөлүмүнүндө 2 224 455 (эки миллион эки жүз жыйырма төрт миң төрт жүз элүү беш) сом өлчөмүндө акча каражат каралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жына инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |