Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-апрели № 195/28-4
Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын 2019-жылдын 18-февралындагы кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 26.02.2015-ж. №151/19-3 токтому менен бекитилген «Токмок ш. муниципалдык менчигиндеги турак-жай жана турак жайга жараксыз фондунда ижара төлөмүнүн суммасын эсептөө” тууралу № 1 тиркемесине тѳмѳнкү ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:
К2 - турак-жайга жараксыз жайлардын, турак-жайлардын имараттарынын жайгашкан орду боюнча коэффициентине:
- 1,5 Киров, Шамшы, Гагарин, С.Ибраимов көчөлөрү чарчысында жайгашкан турак-жайга жараксыз жайларга деген абзацга Трест имаратынан тышкары
(Токмок ш. Ленин көчөсү № 389) деген сөз толукталсын.
- 3 Трестин имараты ( Токмок ш. Ленин көчөсү № 389) деген сөз менен толукталсын.
2. Ушул эле токтомдун “Токмок шаары боюнча муниципалдык жер тилкелерин колдонуу үчүн ижара төлөмүнүн суммасын эсептөө үчүн коэффициенттери” № 2 тиркемесине төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
- К3 бөлүмү берилген жер тилкелеринин функционалдык багыттагы коэффициенти төмөдөгү бөлүктөр менен толукталсын:
29 б. - чарбалык муктаждыктар үчүн берилген жер тилкелеринин функционалдык багыты – 15;
30 б. - Көп кабаттуу турак үйлөр жана окуу жайлардын курулушу үчүн берилген жер тилкелеринин функционалдык багыты:
Аянты га | 10го чейин | 10дон 20га чейин | 20дан 35ке чейин | 35тен 50гө чейин | 50дөн жана жогору |
К3 коэффициенти | 25 | 20 | 15 | 10 | 5 |
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т. Солтобаев |