Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-апрели № 196/28-4
Токмок шаарынын мэриясынан берилген материалдарды карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй областтык өнүктүрүү фондуна Токмок шааарынын Санэпидемстанциясынын чатырларын жана тосмолорун капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча конкурска катышууга макулдук берилсин.
2. Бул долбоордун сметалык наркынан 20% кошо каржылоо бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Мониторингдик топтун курамына төмөнкүлөр бекитилсин:
- Киртенов Ж. К. - Токмок шаардык кеӊешинин депутаты - топтун жетекчиси;
- Чефранова О.Д.- «Рябинушка» ТЖЭШнин төрайымы;
- Мамбетаева А.Т.- №5 АКӨБнун төрагасы (макулдашуу боюнча);
4. Демилгечи топтун курамына төмөнкүлөр бекитилсин:
- Батырбек уулу А. - Токмок шаардык кеӊешинин депутаты - демилгечи топтун лидери;
- Садамкулова Ф.И.- Токмок шаарынын Санэпидемстанциясынын директору;
- Исламов Р.Р.- №40 кварталдык комитетинин төрагасы;
- Кенешова Г.С.- №6 АКӨБнун төрайымы;
- Махмутова М.Н.- №33 кварталдык комитетинин төрайымы;
- Кубатбек уулу А.- Токмок шаарынын ММБнын бөлүмүнүн башчысы, катчы (добуш берүүгө укугу жок).
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Солтобаев |