Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-апрели № 197/28-4
Токмок шаарынын мэриясынын катын карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй областтык өнүктүрүү фондуна “Токмок ш. үчүн атайын техникаларды сатып алуу” долбоору боюнча конкурска катышууга макулдук берилсин.
2. Бул долбоорду кошо каржылоого 500 000 (беш жүз миң) сом бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Мониторингдик топтун курамына төмөнкүлөр бекитилсин:
- Сатыбалдиев У.С.-Токмок шаардык кеӊешинин депутаты - топтун жетекчиси;
- Чефранова О.Д.-«Рябинушка» ТЖЭШнин төрайымы;
- Мамбетаева А.Т.-№5 АКӨБнун төрагасы (макулдашуу боюнча);
4. Демилгечи топтун курамына төмөнкүлөр бекитилсин:
- Батырбек уулу А.-Токмок шаардык кеӊешинин депутаты-демилгечи топтун лидери;
- Кубатбек уулу А.-Токмок шаарынын ММБнын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы.
-Жакупбеков Э.Т.-Токмок шаарынын Коммуналдык ишканалар комбинатынын директору;
- Касмалиев К.К.-«Айнек-Жол» ТЖЭШнин төрагасы;
- Кенешова Г.С.-№6 АКӨБнун төрагасы;
- Махмутова М.Н.-№33 кварталдык комитетинин төрайымы;
- Абдыбалиев А.А.-Токмок шаарынын 3-кичирайонунун тургуну.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Солтобаев |