Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-апрели № 200/28-4
Токмок шаарынын биринчи вице-мэри К.К.Чотбаевдин “К.Р.Кадыровдун менчигиндеги Пушкин көчөсүнүн № 151 дарегинде жайгашкан аянты 480 ч.м жер тилкесинин зоналык категориясын которуу жөнүндөгү” катын, “Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу” боюнча комиссиянын 2018-жылдын 19-декабрындагы протоколун карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок шаарындагы дареги Пушкин көчөсү № 151 үйүнүн № 1, № 2 батиринде жайгашкан аянты 480 ч.м., жеке менчик менчик жер тилкеси Ж-1 зонасынан (жеке турак-жай курулушунун шаардын борбордук бөлүгүндөгү зонасы ) Ц-2 (жергиликтүү маанидеги тейлөө жана коммерциалык активдүүлүктүн борборунун) зонасына которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Солтобаев |