Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-апрели № 201/28-4
Муниципалдык менчигиндеги объекттерди натыйжалуу жана экономикалык максатта пайдаланууну оптималдаштыруу үчүн жана ошондой эле Токмок ш. биринчи вице-мэри К.К.Чотбаевдин “№ 4 үй-бүлөлук дарыгерлер тобунун имаратынын медициналык багытын турак эмес жайга өзгөртүү жөнүндө” кайрылуусун карап, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Орозбеков көчөсүндө жайгашкан № 4 уй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын түндүк жагы медициналык багыттан турак эмес жайга өзгөртүлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Солтобаев |