Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры № 184/26-4
Токмок ш. тургуну С.Н.Исманованын жер тилкесинин зоналдык категориясын которуу жөнүндө арызынын, “Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу” боюнча комиссиянын протоколун карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, транспорт, архитектура транспорт турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок шаарынын Казакстан көчөсүнүн № 43A жайгашкан С.Н.Исманованын жеке менчигиндеги 1464 га жер тилкесин P-1 зонасынан (рекрациондук) Ж-2 (аралаш турак жайды өнүктүрүү) зонасына которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, транспорт, архитектура транспорт турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |