Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры № 185/26-4
Токмок ш. тургуну У.Д.Люрованын “жер тилкесинин зоналдык категориясын которуу жөнүндө” арызын жана Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын протоколун карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, тарнспорт жана коммуналдык турак жай боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок ш. Совет-Казакстан көчөсүндө жайгашкан У.Д.Люрованын жеке менчигиндеги 2943м2 ч.м. жер тилкесин Ц-3 (базарлардын жана дүң соода) зонасынан
К-1 (коммуналдык ишканалар, транспорт, кампалоонун жана майда өндүрүш) которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, тарнспорт жана коммуналдык турак жай боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |