Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры № 186/26-4
Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын жер тилкесинин зоналдык категориясын которуу жөнүндө катын, “Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу” боюнча комиссиянын протоколун карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок ш. Ворошилов көчөсүнүн РЭТнын чыгыш тарабында жайгашкан жер тилкесин P-2 зонасынан ( рекрециондук-ландшафтык аймак) П-1 (өнөр жай ишканалар) зонасына которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |