ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 29-декабры № 187/26-4
Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү” жана К-1 зонасынан П-1 зонасына мал союлучу цех курууга которуу үчүн которуу жөнүндө
ЖЧК «Береке Фудсдун» 24379 ч.м. жер тилкенин зоналдык категориясын К-1 зонасынан П-1 зонасына мал союлучу цех курууга өткөрүп берүү жөнүндө арызын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, коммуналдык менчикти көзөмөлдөө, өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссияларынын протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- Токмок ш. Токмок Промзона көчөсүндө жайгашкан жеке менчиктеги жер тилкесин К-1 (коммуналдык ишканалар, транспорт, кампалоонун жана майда өндүрүш) П-1 ( өнөр жай зонасына) которулуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык – турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |