Редакцияот 29.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫ

 

2018-жылдын 29-декабры № 189/26-4

Токмок шаарынын Ардактуу жараны наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Токмок шаарынын Ардактуу жараны» наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиясынын чечимин карап жана талкуулап чыгып, «Токмок шаарынын Ардактуу жараны жөнүндө» Жобону, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаарынын Ардактуу жараны наамы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:

- Керимкулов Медетбек Темирбекович – Токмок шаарынын экс мэри;

- Ваншу Юсупу Омарович – Токмок шаардык кеңешинин депутаты.

2. Токмок шаарынын Ардактуу жарандарына күбөлүк, төш белги жана бир жолу 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлык даярдалсын жана берилсин.

3. Токмок шаарынын Ардактуу жарандарынын ысымдары Токмок шаарынын Даңк китебине жазылсын, «Токмок шаарынын Ардактуу жарандары» шаардык тактасына фотосүрөтү жайгаштырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, «Токмок шаарынын Ардактуу жараны» наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.А. Солтобаев