ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 29-декабры № 190/26-4
Токмок шаарындагы “Кызыл Ай” улуттук коомунун филиалына мурдагы неврологиялык бөлүмдүн имаратын 5 жылдык мөөнөткө берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаардык мэриясынын Токмок шаары Дунларова көчөсү 234, Токмок шаарындагы “Кызыл Ай” улуттук коомунун филиалына мурдагы неврологиялык бөлүмдүн имаратын 10 жылдык мөөнөткө ижара акчасынан бошотуу жөнүндө кайрылуусусун карап чыгып, ошондой эле орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Муниципалдык менчик мүлк жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Дунларов көчөсүнүн 234 жайгашган мурдагы неврологиялык бөлүмдүн имараты ижара акысынан бошотулуп, 5 жылдык мөөнөткө Токмок шаарындагы “Кызыл Ай” улуттук коомунун филиалына берүүгө макулдук берилсин.
2. Токмок шаарындагы “Кызыл Ай” улуттук коомунун филиалы, имаратты капиталдык ремонттон өткөрүп, берилген мөөнөттө жакшы абалда сактасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |