Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-январы № 88
Шопоков шаардык мэриясынын 2019 –жылга киреше жана чыгаша бюджетинин бир бөлүгү туурасында Шопоков шаардык мэриясынын финансы – экономикалык бөлүмүнүн башчысы Сергеева С.В. финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жамбоев С.К. маалыматын угуп талкулоо менен Шопоков шаардык депутаттар Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шопоков шаардык мэриясынын 2019 жылга болгон бюджети бекитилсин.
бюджет пландаштыруу комиссиясынын берилген төмөнкүү каржылык көрсөткүчтөргө ылайык:
Салык жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча суммасы - 28828, 6миң.сом
Атайын эсеп боюнча суммасы – 1615, 0миң.сом.
Жалпы кирешелер – 30443, 6миң.сом, №1 тиркемеге ылайык.
- негизги бюджеттин эсебинен чыгаша боюнча суммасы - 28828, 6тыс.сом
- атайын эсептин чыгаша боюнча суммасы – 1615, 0миң.сом.
Жалпы чыгашалар - 30443, 6миң.сом, №2 тиркемеге ылайык.
2. 2020-2021жылга болгон бюджет долбоорун болжолу жактырылсын, анын ичинде салыктык жана салыктык эмес жана атайын эсептин кирешелери
№3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2020жылга болгон суммасы – 34055, 6миң.сом.
2021жылга болгон суммасы – 37604, 6миң.сом.
3. 2019 жылга болгон чыгымдарды каржылоо корголгон беренелер боюнча артыкчылык маселеси (эмгек акы, коомдук корунун салымдары, коммуналдык кызмат үчүн төлөм) деп белгиленсин.
4. Чыгымдарынын айрым топтору үчүн жергиликтүү бюджеттердин 2018 жылга негизсиз чыгымдарды жана 2019 жылга пландаштырылган каражаттардын чектеринде толтурууга. Бул учурда, зыяндын ордун толтуруу артыкчылык негизи, эмгек акынын жана коомдук корунун салымдары боюнча, болот.
5. 01.01.2019 жылдын арткы нак балансын, 51, 7миң.сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Шопоков шаар мэринин укугун камсыз кылуу:
- Чарбалык керектөөлөргө байланыштуу, жергиликтүү бюджеттин бөлүмдөрдүн жана макалалардын жүрүшүндө, акча каражатын өзгөртүүгө жана которууга шаардык кеңештин сессиясынын макулдугу менен бекитилсин.
7. Шаардын экономикалык, жакшыртуу жана турак жай-коммуналдык муктаждыктар чечими - ашыкча түшүүлөр киреше негизинен өнүктүрүү боюнча коомдук каржылоо үчүн пайдаланылат деп белгиленсин.
8. 2019 жылга Республикалык бюджеттен алынган акча каражаттары, толугу менен жана так белгиленген багытта колдонулсун.
9. 01.01.2019-жылындагы жергиликтүү бюджеттин 1686, 2миң сом өлчөмүндөгү (Эркин баланс) наркы ашыкча кирешелерди бөлүштүрүү бекитилсин.
- негизги бюджеттин эсебинен суммасы - 678, 0тыс.сом
- атайын эсептин чыгаша боюнча суммасы – 1008, 2миң.сом.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жамбоев С.К жүктөлсүн.
Шопоков шаардык Кеңешини төрагасы | Тилебек уулу Эмилбек |