Редакцияот 27.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шопоков шаардык депутаттар Кеңешинин IX чакырылышынын XV сессиясы

 

2018-жылдын 27-декабры № 87

«Шопоков шаарынын бузуулар жɵнүндɵ иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобону жана комиссиянын сандык жана персоналдык курамын бекитүү жɵнүндɵ»

 

Кыргыз Республикасынын бузуулар жɵнүндɵ кодексинин 313-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2017-жылдын 14- апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126, «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жɵнүндɵ иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобосунун» негизинде, Шопоков шаардык депутаттар Кеңеши :

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шопоков шаарынын бузуулар жɵнүндɵ иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобо 1-тиркеме ылайык бекитилсин.

2. Шопоков шаарынын бузуулар жɵнүндɵ иштерди кароо боюнча комиссиянын сандык жана персоналдык курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Шопоков шаарынын мэри С.К Умаралиевге жүктөлсүн.

 

Шопоков шаардык Кеңешини төрагасы

Тилебек уулу Эмилбек