Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты № 1/2
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 1- январь 2019-жылга карата калган калдык жана жыл ичиндеги жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн башка төлөмдөрдөн түшкөн кошумча акча каражатын бөлүштүрүү боюнча угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кещешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 1- январь 2019-жылга карата калган калдык акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнсүн.
· Баш – Кайынды жана Большевик айыл ичиндеги жолбун иттерди атууга 20 000 сом
· 2019-2020-жылдарга турк- жай фондун каттоого компьютер алууга – 48200 сом
· 1C программасына – 48 000 сом
· Мамлекеттик сатып алуу порталын окуу үчүн 3 кызматкерге – 16500 сом
· Айлана чөйрөнү коргоо агенттигине – 16600 сом
· Айыл өкмөтүнө караштуу мекемелерге баннер жазатуу үчүн – 10 000 сом
· Айылдык кещештин төрагасынын эмгек акысы -12 000 сом
· Соц. фонд төлөмүнө 17,25% - 2100 сом
· Айыл өкмөтүнө айыл чарба техникасын Айыл банктан лизинг менен алуу үчүн – 330 000 сом
· Айыл өкмөтүнө керектүү кещсе товарларды алуу үчүн - 10 000 сом
· Айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасына – 30 000 сом
· Айыл ичине жол белгилерин орнотуу үчүн – 25 000 сом
· Айыл ичиндеги түнкү чырактардын тех. шартын алуу үчүн– 27100 сом
· Айылдык китепканаларга газета журналдарына жазылууга – 10 000 сом
· Айыл тургундарын флюрага тартуу үчүн – 13 400 сом
· Баары: 618 900 сом
2. Баш – Кайыңды айылындагы Аман Шадыбеков жана Аруузат балдар бакчасынын ата – энелерден түшкөн 2019-жылга калдык акча каражатын кароо
· Баш – Кайыңды аймагындагы А.Шадыбеков жана Аруузат балдар бакчасынын ысык тамагына- 20388,50 сом
3. 2019-жыл ичинде жаратылыш активтерин пайдалануу үчүн кошумча түшкөн 282 200 сом акча каражатын кароо
· Өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга – 124500 сом
· Айыл өкмөтүнө караштуу мекемелердин таза суу пайдалангандыгы үчүн (ФАП, бала бакчалары, мектеп, клуб) – 43 000 сом
· Айыл ичиндеги түнкү чырактардын тех. шартын алуу үчүн -3700 сом
· Ч.Асеков орто мектебинин эшик терезелерин жащыртууга АРИС аркылуу проектинин өзүк салымы үчүн – 111 000 сом
Баары: 282 200 сом
4. Бул токтомду аткаруу жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары | Ж. Асеков |