Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 3
Cейдикум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы 2018-жылга Сейдикум айыл Өкмөтүнүн башчысынын айыл өкмөтүнүн балансында турган ВАЗ 2107,1771- DА номерлүү автотранспортунун кызмат көрсөтүү мөөнөтү бүткөндүгү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл өкмөтүнүн балансында турган ВАЗ 2107, 1771- DА номерлүү,шасси двигател № 8977353 автотраспортунун кызмат көрсөтүү мөөнөтү бүтүп,эскилиги жеткендигине байланыштуу баланстан чыгарылсын.
2. Сейдикум айыл өкмөтүнүн балансында турган ВАЗ 2107, 1771- DА номерлүү,шасси двигател № 8977353 автотраспортунун кызмат көрсөтүү мөөнөтү бүтүп,эскилиги жетип, баланстан чыгарылгандыктан жаңы автомашина сатып алынсын .
3. Жаңы автомашина сатып алууга, иш кагаздарын даярдап,тапшыруу жагы Сейдикум айыл өкмөттүнүн ФЭБ башчысы К.Абдыкадыровко жүктөлсүн.
4. Токтомдун негизинде Республикалык бюджеттен келген 650,0(алты жуз элуу мин) мин сом акча каражатына уведомление жазып, Базар-Коргон райондук каржы бөлүмү аркылуу смета түзүп,жаңы автомашина алууга акча каражатын камсыз кылып берүү жагы ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылууну өзүмө калтырамын.
Төрага | Б. Турсункулов |