Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 3
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги XIV- сессиясы Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолаталиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жеке ишкер катары чоң салым кошуп келе жаткан,Кызыл-Ай айылынын тургуну Досов Эркинбек Исмаиловчке Сейдикум айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. ”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу үчун,төш белгилерди жасатууга кеткен акча каражатын камсыз кылып берүү жагы Сейдикум айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Б. Турсункулов |