Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 6
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги XIV- сессиясы Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын жашоочуларынын маркум,эмгек ардагери Доолоталиев Айдаралинин атын коюп берүү боюнча арызын, протоколу менен угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын тургундарынын көчөгө ат коюуу боюнча өткөрүлгөн жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын тургуну Надиров Асилбек Миташовичтин үйүнөн, Кушбаков Азамат Рахатовичтин үйүнө чейин маркум эмгек ардагери Доолоталиев Айдаралинин аты бекитилсин.
3. Бекитилген көчөгө аты жазылган пано үй номерлеринин таблицаларын жазып орнотуу, Сейдикум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |