Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 7
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги XIV- сессиясы Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын жашоочуларынын маркум,эмгек ардагери Кудаяров Аскардын атын коюп берүү боюнча арызын, протоколу менен угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын тургундарынын көчөгө ат коюуу боюнча өткөрүлгөн жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын тургуну Боронбаев Медербек Булдуровичтин үйүнөн, Саипов Эрнесттин үйүнө чейин маркум,эмгек ардагери Кудаяров Аскардын аты бекитилсин.
3. Бекитилген көчөгө аты жазылган пано үй номерлеринин таблицаларын жазып орнотуу, Сейдикум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |