СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2019-жылдын 14-марты № 3
Сейдикум айыл өкмөтүнүн Чоң-Курулуш айылындагы айыл чарба багытындагы көп жылдан бери иштетилбей келген жерди пайдаланууга берүү жөнүндө
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы, Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолаталиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү Чоң-Курулуш айылынын тургундардын өтүнүчү менен Сейдикум айыл өкмөтүнүн Чоң-Курулуш айылында жайгашкан „Базар-Коргон кооперативинин“көмөкчү чарбасы ээлеп турган жер аянты иштетилбей келгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине жана 66-берененин 1-пунктунун 3-бөлугүнө негиз, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын 17.12.2018-жылдагы №437-б буйругун жетекчиликке жана аткарууга алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жыл 22-июнундагы № 243-токтомуна неиз, Айыл чарба багытындагы жерлеринин мамлекеттик фондунун кунары кеткен 174-контурдагы жерди „Акбермет-Дан“ айыл чарба кооперативине 5(беш) жылдык мөөнөткө келишим менен пайдаланууга берилсин.
2. “Акбермет-Дан” айыл чарба кооперативинин жетекчиси Култаев Надирбекке берилген жер аянтын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөну айыл өкмөт башчысынын орун басарына жуктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |