Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-марты № 5
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги XV- сессиясы Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын жашоочуларынын Союз мезгилинен бери айтылып келе жаткан “16 кыз” кыздар бригадасынын атын коюп берүү боюнча арызын, протоколу менен угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын эски,Союз мезгилинен бери айтылып,даңкы далай жерге жеткен, колхоз мезгилинде “16 кыз” кыздар бригадасы үчүн салынган үйлөр ушул көчөгө салынган, ошол үйлөрдө жашаган тургундарынын көчөгө ат коюуу боюнча өткөрүлгөн жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын тургуну Сатаров Рахмандын үйүнөн, Исаев Таланттын үйүнө чейин “16 кыз” кыздар бригадасынын аты бекитилсин.
3. Бекитилген көчөгө аты жазылган пано үй номерлеринин таблицаларын жазып орнотуу, Сейдикум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |