Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-марты № 6
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги XV- сессиясы Сейдикум айыл аймагынын Турпак-Коргон айылынын жашоочуларынын эмгек ардагери-маркум Базарбаев Анарбайдын атын коюп берүү боюнча арызын, протоколу менен угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын Турпак-Коргон айылынын жашаган тургундарынын көчөгө ат коюуу боюнча өткөрүлгөн жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. Сейдикум айыл аймагынын Турпак-Коргон айылынын тургуну Абдукаримов Музафардын үйүнөн, Курбанов Халимжандын үйүнө чейин эмгек ардагери-маркум Базарбаев Анарбайдын аты бекитилсин.
3. Бекитилген көчөгө аты жазылган пано үй номерлеринин таблицаларын жазып орнотуу, Сейдикум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |