Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-марты № 7
Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы Доолаталиев Эркинбек Айдаралиевичтин 2018-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштерин угуп жана талкуулап чыгып, Сейдикум айылдык Кеңешинин VII--чакырылышынын кезектеги XV - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы Доолаталиев Эркинбек Айдаралиевичтин 2018-жылы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Сейдикум айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жогорулатуу максатында түзгөн иш-чарасы бекитилсин жана 2018-жылга айыл өкмөт башчыга айтылган сунуштар эске алынып, аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Б. Турсункулов |