Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-марты № 8
Сейдикум айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга отчетун, угуп жана талкуулап Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги XУ - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ар бир баш мал жандыкка акы төлөмдөрү төмөндөгүдөй баада бекитилсин. Бир бодо мал үчүн 87 (сексен жети) сом, бир баш жаш бодо мал үчүн 60 (алтымыш) сом 90 тыйын, бир баш жылкы, эшек үчүн 87-(сексен жети) сомдон бекитилсин. Бир баш кой, эчки, козу, улактар үчүн 17 (он жети) сом 40 тыйын.
3. Сейдикум айыл аймагынын жайыт комитетине, жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана тиешелүү салыктарды бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сейдикум айылдык Кеңешинин Бюджет жана экономикалык пландоо боюнча туруктуу комитетинин төрагасы А.Ирисовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |