Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 3
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезексиз XV1- сессиясы Сейдикум айыл аймагынын Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчы Э.Доолаталиевдин, аты жок көчөлөргө ат коюп берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиясынын жыйынынын Протоколуна негиз,Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын катын аткарууга алып, Сейдикум айыл аймагынын Тойчубек-Чек айылынын жаңы көчөсүндө салынган турак үйлөр аз болгондуктан Кызыл-Ай айылынын айыл башчысынын протоколу бекитилсин.
2. Сейдикум айыл аймагынын Тойчубек-Чек айылындагы жаңы көчөгө “Тентек-Сай” аты бекитилсин.
3. Бекитилген көчөгө аты жазылган пано үй номерлеринин таблицаларын жазып орнотуу, Сейдикум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |