Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 5
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезексиз XV1- сессиясы Сейдикум айыл аймагынын Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчы Э.Доолаталиевдин, аты жок көчөлөргө ат коюп берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиясынын жыйынынын Протоколуна негиз, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын катын аткарууга алып, Сейдикум айыл аймагынын Чоң-Курулуш айылынын жаңы көчөсүндө салынган турак үйлөр аз болгондуктан Чоң-Курулуш айылынын айыл башчысынын протоколу бекитилсин.
2. Сейдикум айыл аймагынын Чоң-Курулуш айылындагы жаңы көчөгө Социалисттик Эмгектин Баатыры маркум Анакыз Жумабаеванын аты бекитилсин.
3. Бекитилген көчөгө аты жазылган пано үй номерлеринин таблицаларын жазып орнотуу, Сейдикум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |