Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 6
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезексиз XV1- сессиясы Сейдикум айыл аймагынын Чоң-Курулуш айылынын жашоочуларынын эмгек ардагери-маркум Хамраев Камчынын атын коюп берүү боюнча арызын, протоколу менен угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын Чоң-Курулуш айылынын жашаган тургундарынын көчөгө ат коюуу боюнча өткөрүлгөн жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. Сейдикум айыл аймагынын Чоң-Курулуш айылынын тургуну Хамраев Калдардын үйүнөн, Орунбаев Тыныбектин үйүнө чейин эмгек ардагери-маркум Хамраев Камчынын аты бекитилсин.
3. Бекитилген көчөгө аты жазылган пано үй номерлеринин таблицаларын жазып орнотуу, Сейдикум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |