Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 9
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезексиз XV1- сессиясы Сейдикум айыл аймагынын Турпак-Коргон айылынын жашоочуларынын эмгек ардагери-маркум Шаназаров Токтосундун атын коюп берүү боюнча арызын, протоколу менен угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын Турпак-Коргон айылында жашаган тургундарынын көчөгө ат коюуу боюнча өткөрүлгөн жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. Сейдикум айыл аймагынын Турпак-Коргон айылынын тургуну Кабылжан уулу Бекмырзанын үйүнөн, Курбанов Машхурдун үйүнө чейин эмгек ардагери-маркум Шаназаров Токтосундун аты бекитилсин.
3. Бекитилген көчөгө аты жазылган пано үй номерлеринин таблицаларын жазып орнотуу, Сейдикум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |