Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 10
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезексиз XV1- сессиясы Сейдикум айыл аймагынын Турпак-Коргон айылынын жашоочуларынын эмгек ардагери-маркум Юнусов Махаматалинин атын коюп берүү боюнча арызын, протоколу менен угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын Турпак-Коргон айылында жашаган тургундарынын көчөгө ат коюуу боюнча өткөрүлгөн жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. Сейдикум айыл аймагынын Турпак-Коргон айылынын тургуну Умарбеков Алмаздын үйүнөн, Сайпидинов Улукбектин үйүнө чейин эмгек ардагери-маркум Юнусов Махаматалинин аты бекитилсин.
3. Бекитилген көчөгө аты жазылган пано үй номерлеринин таблицаларын жазып орнотуу, Сейдикум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |