Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 14
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезексиз XV1- сессиясы Сейдикум айыл Кеңешинин пландоо бюджет жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жалал-Абад Өнүктүрүү фондусу” мекемеси тарабынан каржылануучу акча каражатынан,Сейдикум айыл аймагынын Тойчубек-Чек, Кызыл-Ай, Жаш-Ленин, Аркалык, Чоң-Курулуш, Турпак-Коргон, Сейдикум, Дөш айылдарынын тургундары менен болгон чогулуштардын жыйынтыгы деп табылган протоколдору бекитилсин, “Жалал-Абад Өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор даярдап, өткөрүү жагы Сейдикум айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолаталиевке тапшырылсын.
2. “Жалал-Абад областык Өнүктүрүү фондусу” мекемесинен каржылануучу акча каражатынын эсебинен 1(бир) “Экскаватор” техникасын сатып алууга акча каражатын бөлүп берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сейдикум айыл Кеңешинин пландоо бюджет жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Токтомдун бир нускасы Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондусу мекемесинин башкармалыгына жана байкоочу Кеңешине жиберилсин.
Төрага | Б. Турсункулов |