Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты № 110
Марказ айыл аймагындагы Кыргызстандын 10 жылдыгы Арпа-Сай орто мектеби жана Келекчек-1 балдар бакчасын 2019-жылдын биринчи кварталындагы иштерин карап чыгып кетирилген кемчилдиктери айылдык Кенештин сессиясында карап талкуулап чыгып :
ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
1. Марказ айыл аймагындагы Кыргызстандын 10 жылдыгы орто мектебиндеги одоно түрдөгү мыйзам бузуулар аныкталгандыктан мектептин директору И.Кармышакованы ээлеген кызматынан бошотуу жагы райондук элге билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
2. Кыргызстандын 10 жылдыгы орто мектебине тартылган инвестициялар комиссиянын негизинде толугу менен айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилсин.
3. Келекчек-1 балдар бакчасын жетекчиси Д. Баймырзаевга эскертүү берилсин. Кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча 1 айлык мөөнөт көрсөтүлүп, кайра текшерүү жагы табылсын.
4. Арпа-Сай орто мектебинин жетекчиси Д.Максытованын иши канааттандырарлык деп табылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | М. Шамшиев |