Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-январы № 2
Кун тартибиндеги экинчи маселе боюнча Арал айыл Өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Акматалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Арал айылдык кенешинин ХХ -чакырылышынын Х II–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 01.01.2018-жыдын бюджеттен эсеп счетуна 649,1 миң сом, атайын каражат боюнча эсептик счетто 509,6 миң сом эсептик счетто калдык белгиленсин.
2. 2018-жылга айыл Өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 13121,2 (Он үч миллион бир жүз жыйырма бир миң эки жүз) сом жана атайын каражат боюнча эсептик счетунда 950 (Тогуз жүз элүү сом) сом көлөмдө тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бюджеттин чыгаша бөлүгүн сметанын статьяларынын чегинен ашырбай аткаруу жагы ФЭБ. башчысы Ж.Акматалиевке милдеттендирилсин
4. 1-июлга чейин арендаторлордун соц фонд төлөмдөрүн ар бир арендаторго түшүрүп, отчетун соц.фондго тапшыруу ФЭБ башчысы Ж.Акматалиевке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З. Жумалиевке милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мустапакулов |