Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-апрели № 2
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январында кабыл алынган № 30 жайыттар жөнүндө мыйзамына ылайык Арал айылдык кенешинин ХХ -чакырылышынын ХIII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт комитети сунуштаган акылар бекитилсин:
№ | Мал жандыктардын аталышы | Саны | Акынын өлчөмү (сом) |
1 | Жылкы | 1 | 60 |
2 | Ири мүйздүү мал | 1 | 60 |
3 | Жаш бодо мал | 1 | 40 |
4 | Эшек | 1 | 60 |
5 | Кой-эчки | 1 | 16 |
6 | Козу –улак | 1 | 8 |
2. Жайыттардын жер салыгын жергиликтүү бюджетке жана жайыттарды, башка ресурстарды пайдалануудан келип түшкөн каражаттарды жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине багытоо жайыт комитетине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З. Жумалиевке милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Мамадалиева |