Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-июлу № 7
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХ –чакырылышынын ХIV –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011- жылы мамлекеттик акты менен алынган Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Омурзаковдун 07.10.2015 жылдагы № 310 ишеним каты менен жайыт комитетинин төрагасы Ш.Торокулов ыктярдуу түрдө баш тартуу каты боюнча Сары- Бел участкасындагы 4000 га жайыт жерди бүгүнкү күрабалын тактоо жана жайытты кайтарып алуу Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамадалиевке милдеттендирилсин
2. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 66-беренесинин 3,8 пунктарында жана Кыргыз Республикасынын 26.01.2009 жылдагы № 30 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 5-1 пунктунун негизинде, мамлекеттик муктаждыкка ылайык пайдаланууга берилип кеткен жерлерди чыгарып салуу менен жайыттар кайтарылып берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 66-беренесинин 3,8 пунктарында жана Кыргыз Республикасынын 26.01.2009 жылдагы №30 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 12-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөндөй Маматкадыров Талантбектин 2,0 га, Мурзаканов Айбектин 2,0 га, Жусупбеков Жаныбектин 2.0га өздөштүрүп бак тигүү алган жер тилкелерин максаттык багытта пайдаланбагындыгы, салык, соц.фонд төлөмдөрүн төлөбөгөндүгү үчүн ижара келишимдерин пайдалануу мөөнөтү токтотуп берүү Ноокен райондук сотунан суралсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кадырбековко милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Мамадалиева |