Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-октябры № 8
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы№ 184 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” Типтүү Жобосунун 6-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жалал-абад областындагы Юстиция башкармалыгынын 2013-жылдын 22-июлундагы №342/03-7 сандуу катына жана Арал айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарына ылайык
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XIX – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН Х -СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылдык кеңешинин сессияларынын токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Арал айылдык кеңешинин сессияларынын токтомдорун расмий жарыялоо мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Мырзахмедовго тапшырылсын.
Төрага | Токтосунов М.М |