Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 4
Арал айыл кеңешинин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Арал айылдык кеңешинин ХХ чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл кеңешинин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
2. Арал айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкондору үчүн Омурзаков Абдикаримге, Орозбеков Мойдунга, Кудайбердиев Кадырбек Шералиевичке, Жалалов Ганыжан Абдалимовичке “ Арал айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын
3. А.Омурзаковго, М.Орозбековго, К.Кудайбердиевке, Г.Жалаловго берилген наамдар даярдалып, 21- март Нооруз майрамында салтанатуу түрдө тапшыруу айыл өкмөттүн башчысы Б. Мамадалиевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б.Мамадалиевага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мустапакулов |