Редакцияот 25.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 25-январы № 5

Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимдерди бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Арал айылдык кенешинин ХХ -чакырылышынын ХVII–сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин.

2. КР Финиасы министрлиги тарабынан бекитилген 2008-жылдын 24 ноябрындагы №192 буйругун 2-формасына ылайык статисттикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы ФЭБ башчысы Ж.Акматалиевке милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн экономист-статист И.Ахмедалиевке милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Мустапакулов