Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-январы № 5
Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 28-декабрындагы жыйналышынын чечиминин жана Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин XX сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана мал жандыктар жайылуучу жайыттардын сапатын жогорулатуу максатында Достук айыл өкмөтүнүн Кең- Сай участкасынан 150(жүз элүү) га жайыт жер жайытка ыңгайланышкан бак дарак эгүү үчүн ажыратылып берилсин
2. Документтерин даярдап берүү жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын
3. Жогорудагы иштерди жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн астында “Муниципалдык мекеме” түзүлсүн
4. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
Төрага | Э. Мансиркулов |