Загрузка документа…
САРУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI чакырылышынын № I9 сессиясы
2017-жылдын16-январы № 76
Саруу айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Нур” балдар бакчасынын алдындагы балдарды реабилитациялоо борборунун кайрылуусу жөнундө
Саруу айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Нур” балдар бакчасынын алдындагы балдарды реабилитациялоо борборунун кайрылуусунда Саруу айыл өкмөтүнүн аймагындагы эс алуу паркы менен маданият үйүнүн күн чыгыш тарабындагы Сатылганов Ашмакун көчөсүнүн боюнда жайгашкан жер аянтын реабилитация борборунун балдарына ойноочу жай курууга бекитип берүү жагы суранган. Кайрылууну эске алып Алдашев айыл кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Саруу айыл өкмөтүнүн аймагындагы эс алуу паркы менен маданият үйүнүн күн чыгыш тарабындагы Сатылганов Ашмакун көчөсүнүн боюнда жайгашкан жер аянтын тактап “Нур” балдар бакчасынын алдындагы балдарды реабилитациялоо борборунун балдарына ойноочу жай курууга бекитип берүү жагы айыл өкмөтунүн башчысы Д.Абдрахмановко милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Нурбек уулу Алишер |