Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын кезексиз 30- сессиясы
2019-жылдын 09-апрели № 30/6
Дөбөлү айыл аймагындагы жашаган калктын менчик малдарын баккан малчыларга төлөнүүчү эмгек акыларын бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагыньш тургундарынын сунуштарынын негизинде айыл аймагында жашаган калктын меичик малдарын баккан малчыларга төлөнүүчү эмгек акынын тарифтерин бекитүү мксатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагында жашаган калктын менчик малдарын баккан малчыларга мал ээлери тарабынан төлөнүүчү эмгек акыларынын тарифтери төмөндогүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- Кой-эчки баккандарга бир айга башына 35 сомдон;
- Бодо мал баккандарга бир айга башына- 150 сомдон.
2. Айыл аймагында жашап турган калктын менчик малдарын багуучу адамдар тарабынан бекитилген тарифтерди бузуу өз алдынча ашык эмгек акы алып, мал бакса мыйзам боюнча тийиштүү чара көрүлсүн.
3. Мал баккан малчыларга ортонку жана алыскы жайьптарга барып малдарды багып келүү үчүн жайыттарды чектеп бекитип берүү жагы жайъптар комитети Ж. Султановго тапшырылсын.
4. Малчылар жазында жана күзүндө жайлоочу жайлоосуна өз убагында көчүп кетип, күзүндө белгиленген мөөнөттө көчүп келүүсүн көзөмөлгө алуу жагы жайыттар комитетинин төрагасы Ж. Султановго, айыл аймагынын мал чарбачылык жана ветеринариялык тейлөө маселелери боюнча жетектөөчү адиси А. Токтогазиевге, айыл башчылары Ж. Алымбаевке, Ж.Курмановго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Ж |