Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-апрели № 1
Айыл аймагында малдын тарифин, көчүү-конуунун убактысын, жазгы айдап- себүүнүн, оруп-жыюнун баасын бекитүү жөнүндө
Айыл аймагында малдын тарифин, көчүү-конуунун убактысын, жазгы айдап- себүүнүн, оруп-жыюнун баасын бекитүү тууралуу карап, талкуулап чыгып айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылынын сугат сууга болгон 1 гектар жерге баасы 700сом болуп бекитилсин.
2. Кызыл-Туу жана Кара-Булуң айылдары боюнча
-Майда мал жандыгына 35сомдон багышсын, жайыт акы төлөө мал бакан малчыдан алынсын.
-Уй баласына 200сом болуп бекитилсин, жайыт акы мал ээсинен алынсын.
- Ички жайыттан жайлоого кетүүнүн убактысы 1-июнга чейин, ал эми күзүндө келүү 1-октябрь.
-20-майга чейин ички жайыттарга малдар кетирилсин,
-бада 20-майдан баштап уюштурулсун.
-Эрте түшкөн Бодо малдын ээлерине биринчи эскертүү берилсин, андан кийин 3күн мөөнөт берилсин, кайра жеткирбесе мал башына 500сомдон айып пул салынсын.
- Кочкорчу Бел-Кара-Сууга жана Ичкенин башына калтырылсын, баасы 100сом болуп бекитилсин, бөтөн малды кору жагы милдеттендирилсин. +зү менен 10уй, 1үйүр жылкы алып калганга уруксат берилсин.
3. Чөптү чабуунун 1гасы-1000сом, Дан эгин чабуу комбайнга 1га жер 2200сом. 1га жерди айдоо 800сом, дың жерди айдоо 1000сом, 1га жерди тырмоо 500сом, себүү 500сом болуп бекитилсин.
4. Айыл аймагында Ак-Сай, Арпа өрөөнүнө барууда пропусканы даярдоо баасы 100сом болуп бекитилсин. (банктык кызматтар ичинде)
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Бегалиевге тапшырылсын.
Төрага | Б.Айыпов |